Негизги капиталга инвестицияларды өздөштүрүү 14.8 пайызга төмөндөдү

20 июля 2020, 10:15

2020-жылдын январь-июнь айларында негизги капиталга инвестициялардын факт жүзүндө 42 млрд 362.4 млн сому өздөштүрүлгөн. Бул тууралуу КР Каржы министрлиги билдирет.

Былтыркы жылга салыштырмалуу, негизги капиталга баардык каржылоо булактарынан түшкөн инвестициялардын өздөштүрүлүшү 14.8 пайызга азайган.

Буга чейин Улуттук статистикалык комитети кабарлагандай, 2020-жылдын январь-март айларында түз чет элдик инвестициялардын агып чыгышы 2019-жылга салыштырмалуу 2.4 пайызга көбөйүп,  313.2 млн сомду түзгөн.