Аткезчиликке каршы күрөштөн эки айда бюджетке 56,3 млн сом түштү

14 марта 2023, 17:18

Быйылкы жылдын январь жана февраль айларында Бажы кызматынын контрабандага каршы күрөшүү бөлүмдөрү тарабынан бажы тармагында укук бузуулардын жана кылмыштардын 775 фактысы аныкталган. Бул тууралуу Бажы кызматынан кабарлашты.

Эгерде 2022-жылдын 2 айында кошумча түшүүлөрдүн суммасы 9,6 миллион сомду түзсө, ушул жылдын январь жана февраль айларында бул көрсөткүч 56,3 миллион сомду түзгөн. Ошентип, бюджеттин кошумча кирешелеринин жалпы көлөмү 46 миллион сомго көбөйдү.

"Укук бузуулар боюнча 736 кылмыш иши козголуп, жыйынтыгында 5,1 миллион сом айып өндүрүлүп, 14,5 миллион сомго алдын алуу иш-чараларынын алкагында бажы төлөмдөрү төлөнгөн", - деп айтылат Бажы кызматынын билдирүүсүндө.

Мындан тышкары, кылмыш иштеринин фактылары боюнча 39 материал өткөрүлүп, алар боюнча 36,6 миллион сомдук зыяндын орду толтурулган.