Токтогул ГЭСин модернизациялоодо 100 млн долларга жакын акча үнөмдөлдү
Токтогул ГЭСин реконструкциялоого жана модернизациялоого каралган 375 миллион доллардын 100 миллионго жакыны үнөмдөлдү. Бул тууралуу парламенттин Отун-энергетикалык комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында Энергетика министринин орун басары Таалайбек Толубаев билдирди.
Анын айтымында, тендерлерде каражат үнөмдөлгөн. Бул каражат Шамалды-Сай айылында жайгашкан Нарын дарыясындагы ГЭСтер каскадынын “тунгучтары” болгон Үч-Коргон ГЭСинин жабдууларын жаңылоого жумшалган.