Улуттук банкта жүгүртүүдөгү нак сомдун өсүшү белгиленди

28 апреля 2023, 11:28

Кыргызстандын Улуттук банкы марттын аягына карата өлкөдө жүгүртүүдөгү банкноттордун жана монеталардын жалпы саны 183,3 миллиард сомду түзгөнүн билдирди.

Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 47,8 миллиард сомго көп. Бирок бул көрсөткүч 2023-жылдын январь айына салыштырмалуу 7,8%га төмөндөп, 198,8 млрд сомду түзгөнүн белгилей кетүү керек.

Ошондой эле Улуттук банктын эсебинде банктардын жана башка финансы уюмдарынын 58,7 миллиард сому (+61,05%) жана министрлер кабинетинин 20,6 миллиард сому (-26,04%) топтолгондугун кошумчалайбыз.