Кыргызстандын бюджетине майнерлердин салымы 2,3 эсеге өстү

4 июля 2022, 09:22

Ушул жылдын январь-май айларында майнерлер бюджетти ишмердүүлүк салыгы түрүндө 5 миллион 855 миң сомго толукташты. Мындай маалыматтарды Каржы министрлиги мамлекеттик бюджеттин аткарылышы боюнча жаңы отчетунда келтирет.

Ошол эле маалда мындан бир жыл мурда, ушул эле мезгилде казынага түшкөн майнинг салыгы 2 миллион 505,3 миң сомду гана түзгөн. Башкача айтканда, 3 млн 349,7 миң сомго аз.

Ошентип, майнерлердин ишмердүүлүгүнөн мамлекеттик казынага түшкөн киреше 2,3 эсеге өстү деген тыянак чыгарууга болот.