Кыргызстандын бюджетине майнерлердин салымы 2,5 эсе өстү

31 мая 2023, 14:14

Ушул жылдын январь-апрель айларында Кыргызстандын аймагында иштеп жаткан майнерлер салык түрүндө бюджетти 14 миллион 123,5 миң сомго толукташты.

Бардык сумма толугу менен республикалык бюджетке чегерилди.

Белгилепкетсек, 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу алар бюджетке чегерүүлөрдү 5,7 миллион сомдон 2,5 эсеге көбөйтүшкөн.

Ошол эле учурда Кыргызстанда Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын маалыматы боюнча 2022-жылдын декабрынын ортосуна карата эки гана майнер катталган. Алар: "СОЛАРКОИН" ЖЧКсы жана "ВиНЭТ" жоопкерчилиги чектелген коому.