Ата мекендик авиакомпания Москвага жаңы каттамдарды ачты

3 апреля 2023, 11:09

Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик жарандык авиация агенттиги Бишкек — Москва — Бишкек багыты боюнча үзгүлтүксүз аба каттамдарын ачууга макулдук берди. Бул тууралуу аталган агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

Каттамдар "Aero Nomad Airlines" ата мекендик авиакомпаниясы тарабынан жумасына эки жолу, шаршемби жана жекшемби күндөрү аткарылат.

Биринчи рейс 30-апрелден тарта жеткиликтүү. Каттамдар Внуково эл аралык аэропортуна чейин аткарылат.