Ата мекендик компания Ош – Сургут багыты боюнча уча баштады

27 июня 2023, 09:00

Оштон Сургутка каттамдар көбөйдү. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропорту” ААКнын сайтында маалымдалды.

26-июнда ата мекендик “Aero Nomad Airlines” авиакомпаниясы Ош-Сургут багыты боюнча биринчи туруктуу каттамды аткарды.

Каттамдар Airbus A320 учактары менен жумасына бир жолу, дүйшөмбү күндөрү аткарылат.

Орусиянын “Ютэйр” компаниясы да бул каттам менен жумасына бир жолу, ишемби күндөрү учат.