Ата мекендик дыйкандар 2,7 млрд сомго жеңилдетилген насыя алышты

13 февраля 2023, 12:56

Финансы системасынын ресурстарын мобилизациялоо боюнча чараларды стимулдаштыруу, агрардык секторго колдоо көрсөтүү максатында "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоору жактырылды. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүнкү күндө "Айыл Банк" ААК жана "РСК Банк" ААК аркылуу иш жүзүндө 2 миң 397 жеңилдетилген насыя берилгени такталууда.

Өз кезегинде “Агроөнөр жай комплексин насыялоо” алкагында берилген кредиттердин жалпы суммасы учурда 2 миллиард 737 миллион сомду түзөт.