Ата мекендик компаниялар Индияда заводдорду ачууну каалашат
Бишкекте Индиянын Кыргызстандагы элчилиги жана JIA бизнес-ассоциациясы тарабынан уюштурулган “Кыргызстан менен Индиянын соода жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү” аттуу тегерек стол өтүүдө.
Иш-чарага Индия менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыктын келечегин талкуулоо үчүн соода, инвестиция, укук жана бизнес сыяктуу түрдүү тармактардын, ошондой эле мамлекеттик органдардын өкүлдөрү чогулду.
Тегерек столдо төмөнкү маанилүү темалар талкууланат:
- Индияда кыргыз компаниялары тарабынан ишканалардын ачылышы;
- Индияга ишкердик визаларды берүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана медициналык туризмди өнүктүрүү;
- Индия менен Борбордук Азиянын ортосундагы соода мамилелерин кеңейтүү;
- Индия менен Кыргызстандын ортосундагы экономикалык кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрү;
- Кыргызстандагы инвестициялык климат.