Жасалма өткөрмө кагазын саткан жаран кармалды

24 апреля 2020, 12:51

Бишкекте жасалма өткөрмө кагаздарын саткан жаран журналисттин жардамы менен кармалды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

«Журналисттин жардамы менен жасалма уруксат кагаздарын саткан учур аныкталды. Өткөрмө кагаздарын 1 миң 500 сомдон саткан 30 жаштагы Б.Э. аттуу жаран кармалды. Ал жарандан жасалма мөөр, өткөрмө кагаздар табылып, алынган», — деди ал.