Екатеринбургдан Ысык-Көлгө жаңы авиакаттам ачылат

19 июня 2023, 08:26

Екатеринбургдан Ысык-Көлгө жаңы авиакаттам ачуу пландалууда. Бул тууралуу маалымат “Манас” аэропортунун сайтында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, 19-июндан тарта орусиялык авиакомпания Екатеринбург-Ысык-Көл-Екатеринбург багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдарды ишке ашырууну пландоодо.

“Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан Екатеринбургга каттамдар жумасына эки жолу – дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү аткарылат.