Бишкектен Сианьга жаңы аба каттам ачылды

14 февраля 2023, 11:15

Бишкектен Сианьга жаңы каттам ачылды. Бул тууралуу “Манас” аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

Кытайдын China Southern Airlines авиакомпаниясы 2023-жылдын 11-февралынан тарта  Сиянь – Бишкек – ​​Сиянь багыты боюнча үзгүлтүксүз аба каттамдарын жасай баштады.

Биринчи жолу “Манас” эл аралык аэропортунан Кытайдын эң ири шаарларынын бирине каттам үзгүлтүксүз жүрүүдө. 

Сиань шаарына каттам жумасына бир жолу, ар жекшемби күндөрү аткарылат.