Грозныйдан Бишкекке жаңы авиакаттам ачылды
Грозныйдан Бишкекке жаңы авиакаттам ачылды. Бул тууралуу “Манас” аэропортунан билдиришти.
Каттамдар россиялык компания тарабынан жумасына бир жолу, бейшемби күндөрү аткарылат.
Грозный—Бишкек—Грозный багыты боюнча туруктуу авиакаттамдын ачылышы 11-августка белгиленген.
Билеттин баасы болжол менен 12 миң рубль же 17 миң сомдун тегерегинде.