Кувейт-Бишкек-Кувейт каттамы боюнча үзгүлтүксүз рейс ачылды

23 июня 2021, 12:30

Бүгүн Кувейт-Бишкек-Кувейт каттамы боюнча туруктуу аба каттамы ачылды. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Рейстер жумасына эки жолу - шаршемби жана жекшемби күндөрү JazeeraAirways тарабынан жүргүзүлөт.

Жаңы эл аралык каттамдын ачылышы Кыргызстан үчүн учуулардын географиясын кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берет, транспорт, соода-экономикалык, инвестициялык жана туризм чөйрөсүндө эки тараптуу кызматташтыктын кеңейишине шарт түзөт.

"Манас" эл аралык аэропортундагы жаңы рейсти тосуп алуу аземине Транспорт жана коммуникация министринин биринчи орун басары Алмаз Тургунбаев катышты.