Бишкектен Лахорго үзгүлтүксүз каттам ачылды

1 сентября 2022, 14:25

Ата мекендик авиакомпания Бишкек-Лахор-Бишкек багыты боюнча туруктуу каттам аткара баштады. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун" басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, учак 30-августта Пакистандын эң ири шаарларынын бирине конду. Белгиленгендей аталган багыт боюнча туруктуу каттам биринчи жолу ачылып жатат.

Учуулар жумасына бир жолу – шейшемби күндөрү аткарылат.