Анталия-Бишкек-Анталия жаңы рейси ачылды

28 мая 2021, 10:40

25-майда Анталия-Бишкек-Анталия жаңы каттамы ачылды. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бул каттамды Freebird Airlines авиакомпаниясы (Түркия) жумасына эки жолу аткарат.

Буга чейин Бишкек-Стамбул каттамдарынын көбөйгөндүгү маалым болгон.