Ташкенттен Ысык-Көлгө учак каттайт

30 июня 2021, 16:30

"Ысык-Көл" эл аралык аэропорту Ташкенден (Өзбекстан) биринчи каттамды 11-июлда кабыл алат. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

"Узбекистон хаво йоллари" авиакомпаниясы Ташкент-Тамчы -Ташкент каттамы боюнча жумасына бир жолу - жекшемби күндөрү учууну пландаштырууда.

Учуу убактысы 1 саат 30 мүнөттү түзөт.