Кыргызстандан акчанын агымы 4,5% га кыскарды

10 июня 2021, 15:20

Ушул жылдын апрель айында кыргызстандыктар чет өлкөлөргө 46,2 миллион доллар жөнөткөн. Мартка салыштырмалуу акчанын агымы 2,2 миллион долларга же 4,5% га азайган. Мындай маалыматтарды Улуттук банктагылар билдирди. 

Негизги сумма Орусияга жөнөтүлгөн - 44,5 миллион доллар.

Жалпысынан ушул жылдын январь айынан апрелге чейин 169,1 миллион доллар чет өлкөгө тез которуу тутуму аркылуу которулган, 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу сумма 36,8 миллион долларга көбөйгөн.