Өзбекстан чет өлкөлөргө 30 млн долларга алча экспорттогон

1 июня 2020, 14:30

Жыл башынан бери Өзбекстан чет өлкөлөргө 30 млн долларга 15.7 миң тонна алча жөнөткөн. Бул тууралуу Podrobno.uz порталы билдирди. 

 

Белгиленгендей, алчанын басымдуу бөлүгү Казакстанга экспорттолгон. Аталган өлкөнүн компаниялары  7 миң 700 тоннага жакын алча сатып алышкан. Ал эми Орусия 4 миң 551 тонна, Кыргызстан - 3 миң 320 тонна алча сатып алышкан. 

Андан сырткары, 200 тоннага жакыны Белорусияга, БАЭге, Польшага, Кытайга, Түштүк Кореяга, Түркмөнстан жана Таиландка экспорттолгон. 

Өзбекстан жылына 35-50 миң тонна алча экспорттойт. Муну менен катар өзбекстандык экспорттоочулар америкалык алчаларды Кытайдын базарына киргизип жатышат.