Өзбекстан экономиканы санариптештирүүнү өнүктүрөт

4 мая 2020, 12:00

Өзбекстан мамлекети өлкөнүн бардык катмарына санариптик жаңыланууну толук бойдон камсыздап, ишкерликке санариптешүүнү толук бойдон киргизүүнү пландап жатат. Бул тууралуу kursiv.kz порталы билдирди. 

Белгиленгендей, 2020-2021-жылдары бардык медицина мекемлерди, мектеп, бала-бакча жана элет жергесин жогорку ылдамдыктагы интернетке туташтырууну пландап жатышат. 2023-жылы  жергиликтүү программалык камсыздоонун экспорттоо көлөмүн жылына 100 млн долларга жеткирүүгө, 2022-жылы мамлекеттик электрондук кызматтын үлүшүн 60% жеткирүүнү пландоодо. 

Маалыматтык технология жана коммуникация министрлигинин алдында электрондук өкмөт долбоорун башкаруу борбору жана санарип экономиканы изилдөө борбору ачылат. Министрликтин борбордук аппаратынын структурасына агрардык тармакты санариптештирүү, агро өнөр-жай комплексиндеги санарип технологияны өнүгүүнү башкаруу, географиялык маалымат технологиясы боюнча атайын адис иш алып барат. 

Маалым болгондой, санарип экономикасын өнүктүрүү тармагын каржылоо мобилдик компаниялардын эсебинен жүргүзүлөт. 

Акыркы маалыматтарга ылайык, Өзбекстандын санарип экономикасындагы ИДПнын үлүшү 2.2% түзгөн.