Өзбекстандан Кыргызстанга келе жаткан дээрлик 421 тонна продукция киргизилген эмес

27 октября 2020, 13:10

Карантиндик фитосанитардык көзөмөлдү жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө Өзбекстандан Кыргызстанга 421 тонна продукцияны ташып келүү учурунда бир катар талаптарды бузуу фактылары аныкталган. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр-жайы жана мелиорация министрлиги маалымдады. 

2020-жылдын январь айынан сентябрь айына чейин жогоруда көрсөтүлгөн талаптарды бузган 31ден ашык факт катталган, тактап айтканда, мындай мыйзам бузуулар жөнгө салынуучу продукциялар үчүн жараксыз фитодээсанитардык сертификат катары катталган - 3 факт, продукттун таңгагында маркировкалоо жоктугу - 24 факт, карантиндик зыянкечтерди табуу  «California shield»(Quadraspidiotus perniciosus Comst.) - 4 факт.

Евразия экономикалык бирлигинин жана КР өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы мыйзамдарынын талаптарына ылайык, фитосанитардык талаптарга жооп бербеген өсүмдүк тектүү айыл чарба продукцияларын республиканын аймагына алып келүүгө тыюу салынат.