Өзбекстан жана Куба мамлекеттерине ЕАЭБдин байкоочу-өлкө статусу берилди

15 декабря 2020, 10:00

Жогорку Евразия экономикалык комиссиянын мамлекет-мүчөлөрүнүн жетечилери Өзбекстан жана Куба мамлекеттерине ЕАЭБдин байкоочу мамлекети статусун берүү чечимин кабыл алышты. Бул тууралуу Кыргызстандын экономика министрлигинин сайтында маалымдалат. 

Андан сырткары бирликтин жыйынында 2025-жылга чейинки евразия экономикалык интеграциянын өнүгүүсү боюнча башкы маселелер каралат. 

Белгилей кетсек, стратегиялык багыттарга Кыргызстандын ЕАЭБдин өнүктүрүү Институтун түзүү сунушу дагы кирген. 

Андан сырткары, өлкө башчылары ЕАЭБдин 2020-жылдагы жыйынтыгын чыгарышты.