Өзбекстанда мыйзамсыз чыгарылган каражаттын көлөмү өсүүдө

18 января 2021, 15:10

Өзбекстандан мыйзамсыз чыгарылып кеткен каражаттардын көлөмү 2019-жылдын жыйынтыгы менен 1.35 млн долларды түзгөн. Бул республиканын бажы институтунун эксперти Фарход Гафуровдун маалыматына таянуу менен Review.uz сайты жазып чыкты. 

 

 

Маалыматка ылайык, 2017-жылы коңшу өлкөгө 411 миң доллар, 2018-жылы — 2.5 млн доллар, 2019-жылы  — 2.58 млн доллар чыгарылып кеткен. 

Белгиленгендей, 2020-жылдын алгачкы он айында бул көрсөткүч 535 миң долларды түзгөн. 

Өзбекстандык эксперт мыйзамсыз чыгарылган каражаттын жогорулашынын себебин өзбек-кыргыз чек арасындагы көзөмөлдүн начардыгы менен байланыштырган.