Өзбекстан коронавирус менен каршы күрөшүү үчүн 40 млн $ оорукана салды

16 апреля 2020, 10:00

Өзбекстан атайын ооруканалар менен карантиндик жайларды куруу үчүн 411 миллиард сум (40,6 миллион доллар) коротту. Бул тууралуу өлкөнүн финансы министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, каражаттар антикризистик фонддун эсебинен алынган.  Мындан тышкары фонддун эсебинен Санитардык-эпидемиологиялык агенттикке 22,3 миллион доллар, коомдук жайларды дезинфекциялоого, карантиндик борбордун кызматкерлерине айлык төлөөгө жана дарыгерлерге кошумча маяна берүүгө 9 миллион доллар бөлүнгөн. 12 миллион доллардан ашык каражатка тест-системалар, реагенттер жана башка коргонуу каражаттары сатылып алынган.