Өзгөчө абал учурунда иштеген аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарына компенсация төлөнөт

25 июня 2020, 14:30

Өзгөчө абал шарттарында милдеттерин аткарган аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине компенсациялар төлөнөт. Тиешелүү чечимге премьер-министри Кубатбек Боронов кол койду. 

 

Бул чечим  Өкмөттүн 2000-жылдын 26-октябрындагы № 639 токтому менен бекитилген Кыргызстандын аймагында жана эл аралык келишимдик милдеттенмелердин негизинде анын чегинен сырткары өзгөчө абалдын шарттарында жана куралдуу жаңжалдардын учурунда милдеттерин аткарышкан аскер кызматчыларына кошумча гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө жобонун 7-пунктун ишке ашыруу максатында кабыл алынды.