Өзгөчө абал кайрадан киргизилсе бизнес «бүлүнбөйбү»?

24 июня 2020, 15:15

Акыркы күндөрү Кыргызстан боюнча жана өзгөчө Бишкекте COVID-19 менен ооругандардын саны күн сайын көбөйүүдө. Буга байланыштуу Бишкек мэриясынын аппаратынын жетекчиси Балбай Түлөбаев, эгерде Бишкекте ооругандардын саны азайбаса анда 15-июлдан кийин борбор калаа кайрадан карантинге жабыларын 23-июнда билдирген.

 

«Бишкекке экинчи ирет өзгөчө абал киргизилсе, анда эл көтөрө албайт. Биринчи карантин учурунда бардык бизнес – жайлар жабылган. Кризистин айынан Жаңы Жылга чейин ачылган бардык стартаптар жабылууга туура келген. Чек аралардын жабылгандыгына байланыштуу жеңил өнөр-жай тармагы катуу кыйынчылыкка дуушар болду», — деп билдирди Рамис Ибраев.

Ал белгилеп кеткендей, карантин учурунда токтогон ишканалар азыркы күнгө чейин мурункудай абалга келише элек.

 

«Шаардын кайрадан жабылышы - эң чоң жоготууга алып келет», — деп кошумчалады Ибраев.