Өзгөчө абал учурунда Call-борбор күнү-түнү иштейт

26 марта 2020, 12:30

КР Өкмөтүнүн Аппараты тарабынан консультациялык жардамдын «биринчи линиясына» аракеттешүү процесстерин уюштуруу жана коштоо максатында күнү-түнү иштей турган Call-борбор уюштурулду. 

Түз байланыш телефондору мамлекеттик органдардын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн өзгөчө абал режими киргизилген административдик-аймактык бөлүктүн комендатурасы менен өз ара иштешүү маселелерин чечүүгө аракеттешет.

Call-борбордун телефон номерлери: (999) 444-777 жана (999) 444-666.