Өзгөндөгү мыйзамсыз берилген 1,5 гектар жер мамлекетке кайтарылды
Өзгөн райондук прокуратурасы тарабынан 1.5 гектар жер жеке адамга мыйзамсыз берилгени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, райондук сот 2015-жылы жерди берүү боюнча мыйзамсыз чечим кабыл алган. Жердин рыноктук баасы 3.2 млн сомду түзөт.
Райондук прокуратура кайрадан сотко кайрылган. Соттун буга чейинки кабыл алган чечими жокко чыгарылган жана 2020-жылдын 20-ноябрында жер муниципалдык органдын балансына кайтарылып берилген.