Бишкектен Гоага түз аба каттамынын ачылышы күтүлүүдө

6 декабря 2022, 13:26

Ата мекендик “Аэро Номад Эйрлайнс” авиакомпаниясы Бишкек-Гоа-Бишкек багыты боюнча чартердик каттамдарды учуруп баштайт. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирди.

“Манас” эл аралык аэропортунан Индиянын курорттук штатына туруктуу негизде каттамдар биринчи жолу ишке ашканы жатат. 

Гоага жакынкы каттамдар ушул жылдын 20 жана 28-декабрына пландаштырылган.
“Аэро Номад Эйрлайнс” 2023-жылдын биринчи айында Гоага үч рейс жөнөтүүнү пландаштырууда. Алар 5-январь, 13-январь жана 21-январга пландалууда.