COVID-19га каршы кытай вакцинасы кечигип жатат

23 июня 2021, 10:40

Ушул жумада Кыргызстанга коронавирус инфекциясына каршы кытай вакцинасынын экинчи партиясы келиши мүмкүн. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Анын айтымында, вакцинаны Кыргызстанга жеткирүүгө ЮНИСЕФ жардам берет.

"Азыр аба каттамы чектелгендиктен, уюм дары-дармектерди Түркия аркылуу чартердик рейс менен жеткирүүнү көздөп жатат. Вакцинаны жеткирүү Саламаттык сактоо министрлигинен көз каранды эмес, аба каттамындагы кырдаалга байланыштуу кечигип жатат", - деди Ишенапысова.

Эскерте кетсек, ушул аптада QazVac коронавирусуна каршы казак вакцинасы да келет. Жалпысынан 25 миң адамга 50 миң доза күтүлүүдө. Жеткирүү 25-июнда акысыз жүргүзүлөт.