Оштон Красноярскка туруктуу авиакаттамдар көбөйтүлөт

27 апреля 2023, 11:22

Оштон Красноярскка туруктуу авиакаттамдар көбөйтүлөт.

"Манас" эл аралык аэропортунун маалыматына караганда, ата мекендик авиакомпания 22-майдан тарта Ош — Красноярск — Ош багыты боюнча авиакаттамдарды кайрадан жандантууну көздөөдө. Каттамдар жумасына бир жолу аткарылат.

Буга чейин аталган багыт боюнча үзгүлтүксүз каттамдар жумасына беш жолу каттап турган.