Пакистан Кыргызстандын 4 медицина окуу жайын кара тизмектен чыгарды

17 ноября 2020, 13:55

Пакистан Кыргызстандын 4 медицина окуу жайын кара тизмектен чыгарды. Бул тууралуу Пакистандын медициналык комиссиясынын сайтында маалымдалат. 

Алар, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын (КММА), Эл аралык жогорку медицина мектебин, Ош мамлекеттик университетинин медициналык факультетин жана Кыргыз-Россия Славян университети. 

Маалыматка ылайык, Пакистандын лицензия берүү боюнча комиссиясы аталган университеттер берген дипломдорду мындан ары тааныйт.

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызстандын бардык медициналык жогорку окуу жайлары Пакистандын жарандары тапшырууга сунушталбаган ЖОЖдордун кара тизмесине киргизилген.