Панфилов РЭТтин кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

9 марта 2022, 14:52

Улуттук оопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Панфилов райондук электр тармактары (РЭТ) ага инспектору кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин Панфилов районунун аймагындагы жеке жана юридикалык жактарга Панфилов РЭТинин кызматкерлери «Түндүк электр» ААКнын кызматкерлери менен биргеликте электр энергиясын эсептегичсиз пайдалануу боюнча текшерүү иштерин жүргүзүшүп, анын натыйжасында электр энергиясын пайдалануу боюнча аныкталган мыйзам бузуу фактысын жашыруу үчүн РЭТтин жооптуу кызматкерлери Н.К. аттуу жарандан 97 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылышкан.

“Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси "Опузалап пара алуу" боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Анын натыйжасында 7-мартта 50 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Панфилов РЭТинин ага инспектору кармалган”,- деп айтылат маалыматта.

Учурда кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө.