КР сот аткаруучу пара алып жаткан жеринен кармалды

31 января 2020, 14:30

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн райондук сотунун сот аткаруучусу пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал кызмат абалынан пайдаланып, жол кырсыгы фактысы боюнча өндүрүштү токтотуу үчүн кыргызстандык жарандан акча талап кылган.

Сот аткаруучусу пара алып жаткан жеринен кармалды, бирок анын суммасы канча экени айтылган жок.

Факт Кылымыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.