Париж Олимпиадасы үчүн Кыргызстандын эсебинде беш жолдомо бар

25 сентября 2023, 10:40

2024-жылкы Париж Олимпиадасына Кыргызстандын эсебинде беш жолдомо бар.

Олимп оюндарына катышууга лицензияны Айпери Медет кызы, Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбеков Сербиянын Белград шаарында өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын алкагында алса, сууда сүзүүчү Денис Петрашов Японияда болгон Дүйнө чемпионатынын жыйынтыгында Олимпиадага катышмай болду.