Өлкөнүн негизги жолдоруна жакын жерде электрондук соода паркы курулат

2 января 2023, 09:00

Электрондук коммерция чөйрөсүндө соода инфраструктурасын жана почта операцияларын өнүктүрүү максатында өлкөнүн негизги транспорт тармактарына жакын жайгашкан электрондук коммерция паркын куруу долбоору ишке ашырылды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйынында Экономика министрлигинин башчысы Данияр Амангелдиев билдирди.   

Белгилей кетсек, Кыргызстан бүгүнкү күндө электрондук сооданы өнүктүрүү боюнча дүйнөдө 111-орунда турат. 

Кыргызстанда бул тармакты өнүктүрүү үчүн 2021-жылы “Электрондук коммерция жөнүндө” мыйзамга кол коюлуп, жүгүртүүнүн 2%ын камтыган атайын салык режими киргизилип, ошондой эле КНС, киреше салыгы жана сатуудан алынуучу салыктан бошотулган.