Парламент өкмөттүн 2019-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчетун жактырды

14 мая 2020, 08:47

13-майда  Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында КР премьер-министринин КР Өкмөтүнүн 2019-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчету каралды.

 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзүнүн баяндамасында 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөргө жана Өкмөттүн үстүбүздөгү 2020-жылга карата пландарына жана көйгөйлүү маселелерге токтолду.

«Өкмөт башчы жана ошондой эле министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп беришти», — деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Талкуулардын жыйынтыгында депутаттар премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин Өкмөтүнүн 2019-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчетун жактырды.