Депутаттар парламенттин текшерүү милдетин күчөтүүнү көздөйт

20 ноября 2019, 11:00

Депутаттар парламенттин текшерүү милдетин күчөтүүнү көздөйт. Мыйзам долбоорун, мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук  маселелери боюнча комитет биринчи окууда карады. 

Аталган мыйзам долбоору колдоого ээ болсо, депутаттар Улуттук банктын жетекчисин, Башкы прокуратураны, Эсеп палатасын жана премьер - министрлерди мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошото алат. Эгерде парламент жогорудагы аткаминерлердин ишмердүүлүгүн канааттандыраарлык деп бааласа, анда бул эч кандай ишеним көрсөтпөөчүлүк катары бааланат. 

Өкмөттүн өкүлдөрү, Башкы прокуратура, КР УБ жана Эсеп палатасы бул демилгени колдогон жок. Себеби бул Конституциянын нормаларын бузуп жатат деп билдирүүшүдө. 

Бирок, профильдик комитет депуттаттардын булу сунушун кабыл алган жок.