Жапаров: Парламенттик шайлоо күзүндө өтөт

1 марта 2021, 17:00

Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо үстүбүздөгү жылдын күз мезгилинде өтөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Казинформ» агенттигине маек куруп жатып билдирди.

 

«Жакында жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоо жана референдум өтөт. Биз шайлоону таза өткөрөбүз. Күзүндө парламенттик шайлоо болот. Мыйзам президенттен тарта дыйканга чейин бирдей болушу керек. Учурда мыйзамдуулук жана адилеттүүлүктү орнотуп жатабыз. Албетте, муну бир жылда кылуу мүмкүн эмес. Кырдаалды оңдоого 2-3 жыл керектелет», - дейт Жапаров.