Жайыт комитеттери айыл өкмөттөргө өтөт

2 февраля 2024, 10:58

Президент жайыт комитеттерин айыл өкмөттөрдүн карамагына өткөрүү боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу парламент жыйынында суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү министри Бакыт Төрөбаев билдирди. 

Ошондой эле, ал депутаттарга өлкөдө 614 миң гектар түшүмсүз жер бар экенин, Айыл чарба министрлиги пилоттук режимде айрым аймактардагы түшүмсүз жерлерди тамчылатып сугаруу системасы менен жабдый турганын билдирди.

Министрдин айтымында, бир айдын ичинде министрлик бул жерлерди ижарага берүү механизмин иштеп чыгууну аяктайт.