Патент төлөөчүлөр бюджетке 2.2 млрд сом төгүштү
2019-жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстанда патент ээлери 2 млрд 231.8 млн сомго салык төлөштү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирет.
Муну менен катар ыктыяр патент төлөөчүлөр 1 млрд 977.8 млн сом салык төлөшсө, милдеттендирилген салык төлөөчүлөр - 254 миң сомго бюджетке каржы төгүшкөн.
Жалпысынан бюджет патент төлөөчүлөрдөөн 2 млрд 480.6 млн сомго толукталды. Салыктан тышкары, патентке кичи ишкерчилик субъектилер үчүн бирдиктүү салыктан - 248.7 миң сом түштү.