Патенттин акчасын кымырып жүргөн салык кызматкерлери аныкталды

29 декабря 2023, 16:15

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери патентке алынуучу акчаны өздөрүнө ыйгарып алгандыгы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Базар-Коргон райондук салык кызматынын инспекторлору райондогу базарда иштеген соодагерлердин патентке төлөөчү акчасын жыйнап, өздөрүнө ыйгарып жүрүшкөн. 

“2023-жылдын 26-декабрында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында соттун санкциясы менен аталган бөлүмдүн башчысы С.С.К жана эки инспектор Н.У.С. жана А.М.К кармалып, өлкөнүн №53 СИЗОсуна киргизилди”, - деп айтылат маалыматта.