Кореянын пенсиялык фонду 68 кыргызстандыкка акча төлөп берди

16 мая 2023, 12:02

Кореяда иштеген Кыргызстандын жарандары бир жолку төлөмдөрдү алууда. Бул тууралуу Социалддык фонддон билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпысынан бүгүнкү күндө Кореянын Улуттук пенсиялык кызматынан пенсиялык топтоолордун бир жолку төлөмдөрүн алуу үчүн 83 адам кайрылып, анын 68ине бир жолку төлөм төлөндү. 10 кишиге төлөөдөн баш тартылды, 5 адам чечимди күтүүдө.

Бир жолку төлөмдөрдүн орточо өлчөмү 3 миң 676 АКШ долларын түздү.