«‎Кыргызстан» пенсиялык фонду инвестициялык саясаттын негизги багыттарын бекитти

18 декабря 2021, 13:48

"Кыргызстан" пенсиялык топтоо фондунун акционерлери 2022-жылга карата фондду өнүктүрүү жана иштетүү боюнча бир катар маанилүү чечимдерди кабыл алды.  Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында маалымдалды.

Тактап айтканда, кезексиз жалпы жыйындын жыйынтыгы боюнча 2022-жылга бюджеттин индикаторлорунун долбоорун жаңы редакциядагы эсепке алуу саясатын бекитүү чечими кабыл алынды.

Мындан тышкары, акционерлер ушул жылдын он бир айындагы ишмердүүлүгү боюнча алдын ала отчетту карап, фонддун инвестициялык саясатынын концепциясынын негизги багыттарын бекитишти.