Кыргызстанда ондой адам 100 миң сомдон ашуун пенсия алат

12 декабря 2019, 17:00

Кыргызстанда ондой адам 100 миң сомдон ашуун пенсия алат. Бул тууралуу Социалдык фонддун жетекчиси Медер Ирсалиев билдирди.

Анын айтымында, мындай пенсияны өз убагында ай сайын 15-20 миң сом төлөп тургандар алууда.

Ирсалиев белгилегендей, 20 миң сомдон жогору пенсияны болжол менен 1 миң 600дөй адам алат.