«Ак-Тилек» бекетинде унаалардын узун тыгыны пайда болду

5 июня 2023, 12:42

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” бекетинде унаалардын узун тыгыны пайда болду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мунун себеби Кыргызстандан башка мамлекеттерге айыл чарба өнүмдөрүнүн экспорту көбөйгөнү менен байланыштуу.

"Башка өткөрмө бекеттери штаттык режимде иштеп жатат, узун кезек жок", - деп айтылат маалыматта.