Кыргыз-казак чек арасында 230дай жүк ташуучу унаа кезекте турат

7 июня 2023, 16:35

"Ак-Тилек" жана "Кең-Булуң" чек ара бекеттеринде жүк ташыган унаалардын кезеги пайда болду. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Чек ара кызматынын маалыматына караганда, эки бекетти кошкондо жалпысынын 230дай машина кезекте турат.

Чек ара кызматы унаалардын тыгынын Кыргызстандан башка мамлекеттерге айыл чарба өнүмдөрүнүн экспорту көбөйгөнү менен түшүндүрүүдө.

Башка өткөрмө бекеттери штаттык режимде иштеп жатат, узун кезек жок, - деп кошумчалашты мекемеден.