Майып жарандардын жеке жардамчыларына бюджеттен 541 млн сом бөлүндү

11 ноября 2022, 12:07

Быйыл мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жеке жардамчыларына бюджеттен 541 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин сайтына жарыяланды. 

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда 11,5 миң адам жеке жардамчы кызматына каражат алат.

Кошумчалай кетсек, июнь айынан тарта ар бир жардамчынын айлык маянасы 4900 сомдон 6300 сомго чейин көтөрүлгөн.