Мобилдик оператор мамлекеттик баалуу кагаздарды сата баштайт

21 июня 2023, 22:04

Mega Pay (Alfa Telecom, MEGA туунду компаниясы) башкы директору Азамат Жамангулов Ташкентте өткөн PLUS Forum Fintech, Banks and Retail форумунда Mega-Investments долбоору тууралуу айтып берди.

Сунушталган тиркеменин жардамы менен баалуу кагаздарды Kыргыз фондулук биржасынын кеңсесине келбестен жана санариптик келишим түзбөй эле сатып алууга болот. Брокердик кызматтарды Mega Pay аркылуу төлөөгө болот.

“Мега-Инвестициялар” өз ишин мамлекеттик баалуу кагаздарды гана сатуудан баштайт.